Бишкекте 5 унаа кагылышып, 2 адам каза болду

  18.08.17   10:11
 179

Бүгүн, эртең менен Бишкектин Горький көчөсү менен Айтматов проспектинин кесилишинен 5 унаа кагылышты. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык тууралуу маалымат 6.37 чамасында келип түшкөн.Тез жардам кызматы келгенче эки адам окуя катталган жерден жан берген. Калган жүргүнчүлөр ооруканага баруудан баш тарткандыктан, аларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бир адамды мас абалында милиция кызматкерлери алып кеткен. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276478

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.