Жакшы уктагыңыз келсе төмөнкү эрежелерди сактаңыз

  18.08.17   12:39
 258

Смартфон же электрондук китептен алыс болуңуз:

Албетте, көпчүлүк адамдар жатаар алдында китеп окугандан көрө социалдык түйүндөрдү барактап же сыналгы көрүүнү жактырышат. Бирок окумуштуулар буга каршы. Алар адам жатаарда жок дегенде 1 саат мурун сыналгыны өчүрүп, телефонду чукулаганды токтотууну сунушташат. Анткени көк түс сиздин организмиңиздин мелатонинди иштеп чыгуусун токтотат. Ал эми мелатонин уйкуну жөнгө салат.

Айрым дары-дармекти ичүүнү көзөмөлгө алыңыз:

Эгерде сиз жатаар алдында кандайдыр бир витаминдерди ичип, бирок уйкуңуз бузулуп жаткан болсо сөзсүз дарыгер менен кеңешиңиз. Анткени айрым учурда дары-дармек адамдын түн уйкусунун бузулушунун негизги себеби болот.

Каттарга жооп кайтаруу:

Сурамжылоолорго ылайык, көптөгөн адамдар жатар алдында уюлдук телефонуна же электрондук дарегинен келген каттардан улам ойгонуп кетерин аныктаган. Андыктан уйкуңуз бөлүнбөй жакшы эс алгыңыз келсе уюлдук телефонду башыңыздан алыс коюп же үнүн өчүрүп салыңыз.

Кофе ичүү:

Кофе адамды сергитүүчү касиетке ээ экендигин бары билет. Анын организмге тийгизген таасири 12 саатка созулат. Андыктан сиздин түштө ичкен кофеңиз дагы кечинде уйкуңуздун качышынын себепкери болушу мүмкүн. Эгерде суюктук ичкиңиз келсе жылуу сүт же какао ичип койсоңуз жаңы төрөлгөн баладай эле уктайсыз.

Чай ичүү:

Белгилүү болгондой чайдын курамында теин бар. Ал ошол эле кофеин дегенди түшүндүрөт. Андыктан уктаар алдында бир чыны чай ичүү идеясы жакшы эмес. Андай эле ичкиңиз келип жатса, чөп чай ичүүгө аракет кылыңыз.

Шоколад жебөө керек:

Шоколаддын курамы дагы кофеинге бай. Андыктан жанаар алдында аны жебей эле койгонуңуз туура. Андан тышкары шоколаддын курамындагы кант жана теобромина жүрөктүн согушун тездетет.

Мээңизди чарчатып көп нерсе ойлонбоңуз:

Көпчүлүк адамдар жаткандан кийин ар нерсени ойлонуп, уйкусу качкандыгын айтышат. Андыктан төшөкө жатаарыңыз менен уктап кетүү үчүн жатаарга 1 саат калганда ТВ көрбөңүз, китеп окубаңыз, электрондук почтаңызды ачып алып каттарды текшербеңиз. Андан көрө эшикке чыгып сейилдеп келиңиз.

Майлуу жана ачуу тамактан качыңыз:

Негизи тамакты жатаарга эки саат калганда жеш керек. Бирок андан кийин дагы курсагыңыз ачып, чыдабай калсаңыз өтө жеңил тамактарды жесеңиз болот же жөн гана кефир ичип коюңуз. Майлуу жана ачуу тамак бир гана сиздин уйкуңузду эмес, башка органдарыңызды дагы бузат.

Ичимдик ичпеңиз:

Көптөр спирт ичимдигин ичсе эле тез уктап калчудай ойлошот. Бирок андай эмес. Спирт ичимдиги адамдын организмин эс албырбайт. Сиз уктап жатсаңыз дагы организм ичиңизге кирген керексиз заттар менен күрөшүү үчүн таң аткыча иштейт. Окумуштуулар спирт ичимдиги сийдикти сүрүп чыгаруучу мүнөзгө ээ экендигин далилдешкен. Андыктан таң аткыча уйкуңуз бүлүндү боло тургандыгын дагы эстен чыгарбаңыз.

Чылым чекпеңиз:

Чылым чегип алса эле дене бою жазылып, магдырап калгандыгын айтышат. Бирок бул чоң адашуу. Никотин стимулятор болуп саналат. Ал сизди сергитет. Андыктан жатаар алдында чылым чегүүдөн алыс болуңуз.

Көп суу ичпеңиз:

Жатаар алдында сууну көп ичпеңиз. Ал сиздин кайра-кайра ойгонуп, дааратканага барууга аргасыз кылат.

Жаттар алдында машыкпаңыз: Көптөр машыгуудан кийин уйку жакшы боло тургандыгын айтышат. Бирок андай эмес. Бардыгы адамдын организминен көз каранды.

Компьютердик оюндардан алыс болуңуз:

Окумуштуулар сыналгынын уйкуга кийгизген таасири тууралуу азыркыга чейин талашып-тартышып келишет. Бирок компьютердик оюндардын уйкуну качыра тургандыгы тууралуу бирдей пикирде. Анткени ойноп жатканда мээ активдүү иштейт. Мындай өзгөрүү сиздин уктап эс алууңузга терс таасирин тийгизет.

Жогорку температурадагы жылуулук:

Жакшы уктап эс алуу үчүн уктоочу бөлмөңүздүн салкын болгону дурус.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276483

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.