5 унаанын кагылышына себепкер болгон айдоочу милиция кызматкери болгон

  18.08.17   13:45
 104

Горький көчөсү менен Айтматов проспектинин кесилишинде 5 унаанын катышуусунда катталган жол кырсыгынын келип чыгуусуна Ленин райондук ИИБнын кызматкери себепкер болгон. Ал унааны мас абалында башкарып бара жаткан. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Суракка алган учурда "Тойота" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу ички иштер органында 2011-жылдан бери иштеп келе жатканы, милициянын старшинасы экендиги аныкталган. Ал унааны ичимдик ичип алып башкарып келе жаткан. Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 281 (Жол кыймыл коопсуздугун бузуу жана транспорт каражатын эксплуатациялоо) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Айдоочу камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, бүгүн, эртең менен Горький көчөсү менен Айтматов проспектинин кесилишинде 5 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 адам каза болгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276487

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.