Ар бир адам билүүсү керек болгон эң негизги этикет

  19.08.17   15:56
 163

1. Эркектерге кандай гүл белек кылса болот: Хризантем, роза, гвоздика, дельфиниум, орхидея, бамбук, калла, лилия, антуриум, гладиолус, тюльпан, ирис, гербер. Ал эми түсү боюнча сыя көк, кочкул кызыл, ак, көк жана жашыл түстөгү гүлдөрдү белек кылсаңыз болот. Айымдарга эч себепсиз гүл белек кылуу жагымдуу маанай тартууласа, эркектер үчүн тескерисинче ыңгайсыздык жаратат. Андыктан мырзаларга гүлдү төмөндөгүдөй учурда гана берсе болот.

  1. Тасманын бет ачарында
  2. Концерт учурунда
  3. Китептин бет ачарында
  4. Олуттуу бир ачылышта
  5. Туулган күнүндө
  6. Сыйлык тапшыруу учурунда
  7. Спорттук жеңишке жетишкен учурда

2. Кол алышуу

Айымдар менен кол алышып учурашуу шарт эмес. Эгер аял киши өзү биринчи колун сунуп калса андан кол алышып учурашууга туура келет. Эрежеге ылайык, улуу киши колун биринчи сунушу керек. Маселен, мугалим окуучусуна же устаты шакиртине. Саламдашкан учурда көзгө тике карап, бир аз жылмайып коюу туура. Кол алышып жатканда көздү тартып алып, же такыр эле башка жакты карап алуу сыйлабагандыкка жатат. Көздү тартып алуу айрым учурда адамды калпычы, ишенчилиги жок адам катары сыпаттайт.

3. Айымдар столдун четинен туруп кетип бара жатканда. Ага сый урмат көрсөтүү иретинде мырзалар сөзсүз туруусу керек.

4. Жубайлардын коноктордун көзүнчө бири бирин "мышыгым", "күчүгүм" деп эркелеткени туура эмес. Бир-биринин атынан айтып чакыруу алда канча жагымдуу болот.[/b]

5. Айрым учурда ширени атайын түтүкчө аркылуу ичүү абдан жагымдуу болот. Бирок мындай учурда үн чыкканча шыпкап ичүү туура эмес.

[b]6. Ресторанда негизги эрежелерди сактай жүрүңүз

  1. Тамактын чоң бөлүктөрүн майдалап алыңыз
  2. Тамак жеп жатканда ылдый эңкейип, чыканагыңызды столдун үстүнө жайып алуудан алыс болуңуз.
  3. Тамагыңыз ысык болсо аны үйлөбөңүз. Өзү сууганча күтө туруңуз.
  4. Манжаларыңызды жалабай салфетка колдонуңуз
  5. Оозуңузду салфетка менен бат-баттан арчып туруңуз
  6. Оозуңузду эч качан колуңуз менен сүрбөңүз жана чайнап жатканда сүйлөбөңүз.
  7. Айлана-тегерегиңиздегилер колу менен жет жатса, вилка жана бычак колдонуудан эч качан тартынбаңыз
  8. Уюлдук телефонуңузду эч качан столдун үстүнө койбоңуз

7. Адамдар менен сүйлөшүп жатканда, деги эле көпчүлүктө сагыз чайнаган адептүүлүккө жатпайт.

8. Адамдар менен сүйлөшүп жатып уюлдук телефонуңузга, саатыңызга же журналыңызга карап, алакты болуу тарбияңыздын төмөндүкүнөн кабар берет. Тажап кеткениңизди көрсөтпөгөнгө аракет кылыңыз.

9. Тепкичте

Эркек-аял тепкич менен чыгып бара жатканда мырзалар аялдарды артка калтырып, өздөрү бир-эки кадам алдыга басуусу керек. Ал эми түшүп бара жатканда тескерисинче айымдар алдыда болуусу шарт. Тепкич өтө ичке, караңгы жана кооптуу болгон шартта гана эркек адам алдыга басса болот. Айымдар тепкичтин кармагычы бар тарабы менен басуусу зарыл.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276518

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.