Атамбаев премьер-министрдин жана өкмөттүн отставкасы жөнүндө жарлыкка кол койду

Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет
  22.08.17   10:44
 122

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлыкка ылайык, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун отставкасы кабыл алынды жана өкмөт отставкага кетти деп эсептелди.

Эми премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, өкмөттүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткарууну улантат.

Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276559

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.