Райкан Төлөгөнов: Операция жасоо үчүн текшерүүдөн өтүшүм керек

  24.08.17   10:54
 101

Мародерлук боюнча айыпталып жаткан мурдагы депутат Райкан Төлөгөновго операция жасоо үчүн текшерүүдөн өтүүсү керек. Бул тууралу айыпталуучу журналисттерге билдирди.

"Учурда мен коронарографияга жана ангиографияга тартылышым керек. Кан тамырларымдын бүтөлүп калуу коркунучу жогору. Эки операция жасалуусу зарыл. Биринчиси уйку артериясына, экинчиси жүрөккө. Бирок мен кармалып жаткан жерде текшерүүдөн өтүү мүмкүн эмес. Учурда кайсыл жакка жибере тургандыгы тууралуу маселе каралууда. Инсульт же инфаркт алуу коркунучу тургандыктан операцияны жасабай коюу мүмкүн эмес. Мындай көрсөткүчтү узи-доплер чыгарып берди",- деди ал.

Эскерте кетсек, Төлөгөнов 2010-жылы болгон мародерлукка катыштыгы бар деген жүйөө менен 2017-жылдын мартында камакка алынган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276614

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.