Көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Сапар Исаковдун талапкерлигин жактырды

Ошондой эле коалиция, өкмөттүн жаңы курамын жана программасын колдоого алды
  25.08.17   13:03
 111

Көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Сапар Исаковдун талапкерлигин жактырды. Мындай чечим бүгүн, 25-августта өткөн жыйында кабыл алынды.

Ошондой эле коалиция, өкмөттүн жаңы курамын жана программасын колдоого алды.

Буга чейин "ВБ" министрлер кабинетинин жаңы курамы тууралуу маалымат берген. Ошол эле курам менен бүгүн Исаков көпчүлүк коалициясын тааныштырды. Бирок каржы министри Адылбек Касымалиев ордунда калмай болду.

Эскерте кетсек, Исаков тарабынан биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлиги сунушталган. Абдыгулов учурда Улуттук банктын төрагасы кызматын аркалайт. Ал эми буга чейин биринчи вице-премьер-министрдин кызматын Мухамметкалый Абулгазиев аткарып келген.

Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Олег Панкратовдун ордуна Дүшенбек Зилалиев сунушталууда. Зилалиев учурда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы кызматында.

Ал эми чек ара маселелери боюнча вице-премьер министр Жеңиш Разаковдун ордуна Коопсуздук Кеңешинин төрагасы Темир Жумакадыров сунушталууда.

Андан тышкары айрым министрлердин дагы алмаша тургандыгы айтылууда. Экономика министри Арзыбек Кожошевдин ордуна президенттин аппаратынын финансылык-экономикалык анализ жүргүзүү жана көзөмөлдү күчөтүү бөлүмүнүн жетекчиси, 30 жаштагы Артем Новиков сунушталууда.

Сапар Исаковдун ордуна президенттин аппаратын жетектөөгө Акылбек Осмоналиев келет.

Калган министрликтерде жана ведомстволордо азырынча өзгөрүү жок.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276655

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.