Атамбаев: Ак илбирс кыргыз эли үчүн ыйык жаныбар

  25.08.17   14:16
 59

Бүгүн, 25-августта, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өзү демилгечи болгон Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча эл аралык форумду ачып, сөз сүйлөдү.

Ак илбирс кыргыз эли үчүн ыйык жаныбар экендигин жана Кыргызстандын тоолуу экосистемасынын көрүнүктүү символу болуп санала тургандыгын айткан мамлекет башчы учурда ак илбирсти сактап калуу жана көбөйтүү негизги милдеттерден экендигине токтолду.

"Ак илбирстин жоголуп кетүү коркунучуна байланыштуу биздин тынчсыздануубузду дүйнө коомчулугу дагы тең бөлүшүп жатканы жакшы жышаан. 2013-жылы Бишкекте ак илбирсти сактап калуу боюнча Дүйнөлүк биринчи форумду өткөрүү жана ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча Глобалдуу программанын кабыл алынышы ак илбирс мекендеген өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын жана финансылык институттардын ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенишүүсүнө негиз түзүп кетти.Арадан өткөн 4 жылдын аралыгында ак илбирс мекендеген өлкөлөрдүн күч аракети менен 2013-жылдагы Бишкек декларациясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча олуттуу жыйынтыктарга жетиштик",- деди мамлекет башчы.

Ыйык жаныбар мекендеген өлкөлөрдө ак илбирс жашашы үчүн абдан маанилүү 23 ландшафт аныкталгандыгын, ошол ландшафтты сактоону 2020-жылга чейин камсыз кылуу зарылдыгына токтолду.

"Бишкекте Глобалдуу программанын катчылыгы түзүлгөн. Ал кызыктар болгон өлкөлөрдүн жаратылыш коргоо ведомстволору менен кызматташып, мониторинг жүргүзүп, ак илбирс мекендеген өлкөлөрдө ак илбирсти сактоо боюнча Глобалдуу программаны ишке ашырууга көмөк көрсөтөт. Глобалдуу экономикалык фонд, Жашыл климаттык фонд, Адаптациялоо фонду, Инвестициялык климаттык фонд сыяктуу түзүмдөр менен кызматташуу жолго коюлду. Ушуга байланыштуу Катчылыктын ишмердигине колдоо көрсөткөндүгү үчүн Глобалдуу экологиялык фондго ыраазычылык билдиргим келет. Өзүбүз тараптан Кыргыз Республикасы мындан ары дагы Катчылык толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттарды түзө берет деп ишендирип кетем. Ак илбирс мекендеген өлкөлөрдө 23-октябрь Ак илбирстин эл аралык күнү катары бекитилди. Мына ушунун баарын өнөктөш өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын жана финансылык институттардын колдоосу менен ишке ашырууга мүмкүн болду. Кыргыз Республикасы демилгечи өлкө катары ак илбирсти коргоо үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш парктарынын тармактарын кеңейтүү жана ишмердигин жакшыртуу боюнча чараларды көрүп жатат. Өлкөдө өзгөчө корголуучу үч жаратылыш аймагы түзүлдү - "Хан-Теңири", "Алатай" жана "Кан-Ачуу". Натыйжада биз Кыргызстанда ак илбирстин саны кыскарышын токтотууга жетише алдык. Быйыл Чүй өрөөнүндө фототузактар ак илбирс бар экенин көрсөткөндө бардыгыбыз абдан сүйүндүк. Анткени мурда Чүйдө ак илбирс жок эле. Мындан 15 жыл мурда өлкөдөгү ак илбирс мекендеген негизги жерлердин бири болгон Сарычат-Эрташ мамлекеттик жаратылыш коругунда ак илбирс жоголуу коркунучунда калганы белгилүү. Учурда биргелешкен күч аракеттердин аркасында ошол аймак ак илбирс туруктуу көбөйгөн жер болуп саналат. Кызматташуунун жакшы тажрыйбасы биз ак илбирс сакталып калышы үчүн шарттарды түзө алаарыбыздын ачык мисалы болуп калды.Биз адамдар менен ак илбирс жана сейрек кездешчү жаныбарлардын башка түрлөрү шайкеш жашаган дүйнөнү түзүп жатабыз",- деди президент.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276657

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.