Атамбаев Чоң-Алай районундагы оорукананын ачылыш салтанатына катышты

  29.08.17   09:00
 71

Кечээ, 28-августта, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылындагы оорукананын ачылыш салтанатына катышты.

Мамлекет башчысы иш сапардын жүрүшүндө жер титирөөдөн жабыр тарткан жашоочулар менен жолугушту.

"Кыргызстанда жашоо шарттары татаал 3-4 район бар, анын ичинде Чоң-Алай жана Чаткал райондору. Татаал шарттарда жашаган райондордун тургундары абдан чыдамкай, абдан сезимтал жана кең пейил болушат. Ошондуктан сабырдуулугуңар үчүн сиздерге чоң рахмат. Сиздердин ишенимсиз мага оор болмок", -деди президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары Кыргызстанда дал ушул сиздер сыяктуу эмгекчил, чыдамкай жана сабырдуу адамдардын аркасы менен көп иштер аткарылганын белгиледи.

Элеттиктердин суроолоруна жооп берип жатып президент турак жай менен камсыз кылуу маселелерин ипотекалык кредиттерди берүү аркылуу чечүүгө жана оорукана үчүн тез медициналык жардам машинасын сатып алууга каражат бөлүүгө убада берди.

Маалымдама: 50 орундуу оорукананын курулушу 2013-жылы башталган. Обьекттин сметалык баасы 54 млн.343 миң сом. Ооруканада 22 врач, ошондой эле орто жана кенже медициналык кызматкерлер иштейт. Койкалардын саны -120. Ооруканага 2 млн сомго жабдуулар орнотулган жана 7,2 млн сомдук эмерек сатылып алынган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276717

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.