Анкарада көчөдө калган Кыргызстан жаранынын туугандары изделүүдө

  29.08.17   11:41
 81

Түркиянын Анкара шаарынын тургундары эс тутумун жоготуп койгон Кыргызстан жаранынын туугандарын издешүүдө. Учурда ал үй жайсыз Анкаранын көчөлөрүндө калган. Бул тууралуу Акбалык Жумалиева аттуу жаран өзүнүн Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазып чыккан.

Анын айтымында, жарандын сүрөтүн Анкарадагы кесиптештери жиберген. Алар көчөдө калган айымдын жакындарына байланышууга аракет кылышууда.

"Бул аялды тааныгандар барбы? Сүрөттөрдү мурда Кыргызстанда иштеп кеткен түрк коллегалар жөнөтүштү. Аларга Кыргызстанда иштеген элеңер, тааныйсынарбы? Анкаранын борбордук көчөсүндө жүрөт, ооруп калган окшойт, атын да айта албай жатат,- деп бирөөлөр жөнөтүшүптүр. Кечээ Кыргызстандан ырчылар келип Анкарада чоң концерт болду. Бирок бир да кыргыз бул кызга карап, жардам бербей койду,- деп жатышыптыр. Балким тааныгандар чыгып калат. Болушуп коюңуздар! Мага 1 саат мурун жөнөтүштү",- деп жазган Жумалиева.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276728

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.