Кыргызстан эгемендиктин 26 жылдыгын белгилөөдө

Алмазбек Атамбаев 26 жыл аралыгында мамлекет оор сыноолорду башынан өткөрүү менен бекемделгендигин баса белгиледи
  31.08.17   11:24
 122

Бүгүн, 31-август Кыргызстан эгемендиктин 26 жылдыгын белгилөөдө. Буга байланыштуу Кыргызстандын бардык аймактарында майрамдык иш-чаралар өтүп жатат. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында уюштурулган майрамдык иш-чаранын башында сөз сүйлөгөн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 26 жыл аралыгында мамлекет оор сыноолорду башынан өткөрүү менен бекемделгендигин баса белгиледи.

Анын айтымында, көз карандысыз мамлекетке ээ болуу чоң бакыт.

"Биз көз карндысыздыгыбызды, мамлекетибизди барктай билишибиз керек. Бул жыл аралыгында мамлекет экономикалык, социалдык, саясий кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Азыр биз башка мамлекетке айландык, күчтөндүк", деди Атамбаев.

Эскерте кетсек, Кыргызстан эгемендикке 1991-жылы жетишкен. Алгачкы президент Аскар Акаев бийликте он беш жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн тактан оодарылган. 2005-жылы анын ордун баскан президент Курманбек Бакиев да ушул эле себеп менен 2010-жылы Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болгон.

2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп турган Роза Отунбаева ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчысы болуп дайындалып, бир жылдан кийин бийликти азыркы президент Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген.

2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Кыргызстан парламенттик башкаруу системасын тандап алган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276782

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.