Атамбаев: Кыргыз эли 26 жыл ичинде кылымга тете окуяларды башынан өткөрдү

  01.09.17   08:51
 54

"Кыргыз эли, кыргызстандыктар 26 жыл ичинде кылымга тете окуяларды, сыноолорду башынан өткөрдү". Мындай пикирин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 31-августта "Ала-Тоо" борбордук аянтында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнүн 26 жылдыгына арналган иш чарада сөз сүйлөп жатып билдирди.

"Бүгүн соңку тарыхтын 26 жылдыгын жыйынтыктап жатабыз. Кыргыз каганатынан көп кылымдардан кийин биз байыркы ата-бабалар жеринде өз мамлекетибизди – эгемендүү Кыргыз мамлекетин кайра куруп жатабыз. Кыргыздын колдоочусу бар деген чын, тарыхтын таш боор сыноолорунан сактап келатат. Ал ортодо канчалаган элдер өз мамлекетине жете албай жүрүп, жок болду. Канчасы дагы эле эгемендүүлүктү эңсеп, кор болуп жүрүшөт. Ата-бабаларыбыз көз карандысыздыкка, эркиндикке карай узак жол, бийик ашууларды басты. Ар бир карыш жери үчүн баскынчылар менен кармашып, далай каны төгүлдү. Бирде улуу Каганат курса, бирде туш-тушка чачылып, жок болуп баратып тирикти. 1991-жылы Жараткан элибизге эгемендүү мамлекет куруп алуу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк берди.Кыргыз эли, кыргызстандыктар 26 жыл ичинде кылымга тете окуяларды, сыноолорду башынан өткөрдү. Ошончо азапка чыдаган, сыноолорду жеңген, айкөл жана намыскөй элиме бүгүн ушул куттуу трибунадан миң мертебе алкыш айтам, таазим этем! Бар болгун, айланайын кыргыз элим, бар болгун!",- деди мамлекет башчы.

Эгемендүү өз өлкөсүнө, көз карандысыз мамлекетке ээ болуу – Жараткандын улуу тартуусу, улуу бакыт экендигин айткан мамлекет башчы муну баалап, өлкөнү, эгемендүүлүктү көздүн карегиндей сактоо керек экендигин баса белгиледи.

"26 жылдын аралыгында өлкөбүз калыптануунун татаал жолун басып өттү. Экономикалык жана социалдык оор сыноолорго туш болду. Ушул оор жылдары биз башка болуп өзгөрдүк. Биз күчтүү болдук. Өлкөбүз начарлаган жок, тескерисинче сыноолордо бышып жетилди. Тилекке каршы 1991-жылы көз карандысыздык жөнүндө декларация кабыл алынгандан кийин өлкөнүн чыныгы эгемендүүлүгүнө жетиш үчүн көп иштер жасалган жок. Абдан татаал өткөөл мезгил жыйырма жылга чейин созулуп, эл үчүн оор кыйынчылыктар менен коштолду.2010-жыл өлкөбүз кайсы бир мезгилде элестетүү кыйын болгон эң коркунучтуу сценарийге – катастрофанын кырына келип такалышы мүмкүн экендигин таасын көрсөттү. Саясатчылардан тартып мамлекет башчыларына чейин өлкө талкаланып, жок болуп кетет дегенге чейин барышты.2010-жылдагы июнь трагедиясынан кийин өлкөнүн түштүгүндө коомдогу чүнчүү сезими жана депрессия андан дагы тереңдеди.Ошону менен бирге, дал ошол жылдары кыргызстандыктар кыйын мезгилде бир жакадан баш чыгарганга укмуштуудай жөндөмдүү экендигин ырастады. Башка мүшкүл иш түшкөндө биригип кетүү жөндөмдүүлүгү көп кылымдарды карыткан тарыхыбызда элибизге жөлөк болуп, тизелебей улам алдыга умтулууга жол ачкан. Кыргызстан 2010-жылы туш келген оор сыноо өлкөнүн алдында турган эң курч маселени: элге келечекке ишенимин кайтарып, мамлекеттик институттарды дээрлик кайрадан түзүп чыгуу зарыл экендигин таасын көрсөттү. Биз кадыресе өлкөдө, саясый жана мамлекеттик институттар кадимкидей иштеген, коррупциясыз өлкөдө, соттун өзүм билемдигисиз, таза шайлоо өтчү өлкөдө жашайбыз деген ишенимин кайтарып берүү баарынан маанилүү болчу. Чындыгында кыргыз мамлекеттүүлүгүн карадан калыбына келтирип, элдин өлкөгө, өз элине, өз келечегине болгон ишенимин кайрадан калыбына келтирүү керек эле! Болгону мындан жети жыл мурда жагдай дал ушундай эле.

Бүгүн чындыкты танууга аракеттенгендерге, акты кара деп, караны ак дегендерге, Атамбаев президенттик кылган жылдары өлкө үчүн эч нерсе жасалган жок дегендерге, тарыхтын агымын кайра артка бурууга умтулгандардын эсине салып коёюн. Ачык айтайын. Акыркы жылдары өлкөбүздө буга чейин жыйырма жылдап чечилбей келген көйгөйлөр чечилип жатат",- деди Атамбаев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276783

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.