Исаков: Эркин элибиз өз эгемендигин аярлап, кылдаттык менен сактап келди

  01.09.17   11:33
 56

Премьер-министр Сапар Исаков 31-августта, Ош шаарында өлкөнүн Эгемендүүлүгүнө арналган кечки майрамдык салтанатка катышты.

Өкмөт башчы өзүнүн куттуктоосунда бул өлкө үчүн негизги майрам экенин белгиледи.

"Көз карандысыздыкка жетүү, аны кармап калуу жолу – эң татаал жолдордун бири. 1991-жылдан бери өлкөбүз бир катар сыноолорду башынан өткөрдү. Мамлекетибиздин келечеги өтө кооптуу болуп турган абалда элибиз коомубуздун биримдүүлүгүн, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калуу менен ошондой эле саясий жана экономикалык кыйынчылыктардан жаратмандык жана сабырдуулук менен чыгып кетти. Эркин элибиз өз эгемендигин аярлап, кылдаттык менен сактап келди. Конституциябызда жазылгандай, Кыргызстандын эли – эгемендүүлүктүн туткасы жана мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы. Кутман элибиздин көздөгөнү - туруктуулук жана өнүгүү", - деди Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөбүз чыныгы демократиянын, туруктуу өнүгүүнүн жана башка көптөгөн жакшы өзгөрүүлөрдү карай багыт алууда.

Акыркы жылдары өлкөдөгү негизги жетишкендиктер катары өкмөт башчы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине толук кандуу мүчө болуп киргенин, энергетикалык коопсуздук камсыз кылынганын атады. Мындан сырткары Стратегиялык жолдор реабилитацияланып, түндүк-түштүк альтернативдүү жолу салынып жатканын жана күч түзүмдөрүн кайра түзүү башталып, армиянын абалы татыктуу деӊгээлге көтөрүлгөнүн , аны менен катар коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш жүрүп, анын жыйынтыгы эл аралык рейтинг боюнча жакшы позицияга чыкканын кошумчалады.

Сапар Исаков өзгө белгилегендей, өкмөттүн жаңы курамы алдына 40 кадамдык программаны койгонун, бул программанын ишке ашырылышы реалдуу жана кол жетерлик экенине ишендирди.

Аны менен бирге өкмөт башчы ушул жылдын 15-октябрында Кыргызстан Республикасынын президентин шайлоо күнү экенин айтып, бардык мекендештерди келип, жарандык милдетин аткарууга чакырды.

Сөзүнүн аягында премьер-министр Сапар Исаков бардык кыргызстандыктарга тынчтык, ийгилик жана бейпил жашоо каалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276795

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.