УКМК Азимбек Бекназаровго кылмыш ишин козгоду

Кылмыш иштин козголушуна буга чейин интернетте тараган аудио жана видео тасмалар себеп болгон
  05.09.17   10:29
 228

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровго кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу УКМК бүгүн билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, Бекназаров "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жалган көрсөтмө берген деп айыпталууда.

Кылмыш иштин козголушуна буга чейин интернетте тараган аудио жана видео тасмалар себеп болгон. Азимбек Бекназаров болсо сотто жалган көрсөтмө бергенин четке кагып, аны монтаж деп атоодо.

УКМК аталган тасмалар Алматыда жасалган фоноскопиялык экспертизадан өткөрүлгөнүн билдирүүдө.

Эскерте кетсек, өткөн айда интернетте Текебаевдин сотунда күбө катары берилген көрсөтмө боюнча Азимбек Бекназаров менен "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү деген аудиотасма тараган. Анда Бекназаровдукуна окшош үндүн "Сөөгүн агарткыча калп айттым. Ар калпты айткан сайын "Кудай өзүң кечир" деп жаттым" деп сүйлөгөнүн угууга болот. Бирок Азимбек Бекназаров да, Камчыбек Ташиев да ал монтаждалган тасма экенин айтып чыгышкан эле.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276860

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.