Мирзиёев: Эл аралык аренада КРнын кадыр-баркы мурда болуп көрбөгүдөй өстү

  06.09.17   08:02
 93

5-сентябрда, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Тар курамда жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Өзбекстандын президентин жылуу кабыл алып, бул мамлекеттик сапар эки өлкөнүн элдери үчүн тарыхый окуя экендигин белгиледи.

" Бул окуяны элдерибиз 20 жылдан ашуун күткөн эле. Шавкат Миромоновичтин Кыргызстанга бүгүнкү мамлекеттик сапары көп маселелердин башын ачат жана чындыгында боордош элдердин мамилелериндеги жаңы доорду ачат. Мен сизди көргөнүмө абдан кубанычтамын жана сиз чакыруумду кабыл алганыңызга абдан ыраазымын",- деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев президент Алмазбек Атамбаевди мамлекеттик сапар менен келип кетүү тууралуу чакыруу жолдогондугу үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү күн тарыхый күн экендигин белгиледи.

"25 жылдын аралыгында көп маселелер чечилгенсип эле келген, бирок достук мамиледеги эки эл үчүн керектүү нукта чечилбептир. Самаркандагы жолугушуубуздун духу биздин жаңы өз ара мамилебиздин негизин түздү, ошол күндөн тартып биз кызматташып, ошол күндөн тартып жолугушуулар өткөрүлүп, жолубуз ачылды. Элдерибиздин бул күндү жылдап күтүшкөн", -деди Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Кыргызстандын делегациясынын Өзбекстанга, Өзбекстан делегациясынын Кыргызстанга сапарларын эске салды.

"Алгачкы делегация Өзбекстанга келгенде Ферганада, Анжиянда, Наманганда бардыгы бул тарыхый күндү кубаныч менен тосуп жатышты. Анткени эгерде биз бардыгын өз ордуна келтирбесек бизди тарых кечирмек эмес. Улуу Чыңгыз Айтматов айтмакчы биздин элдердин каны бир, бир тилде сүйлөйт. Бул баарын туюндуруп жатпайбы, биз мунун баарын турмушка ашырууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиздин, жаңы жетекчиликтин стратегиясы - тышкы саясатта кошуналар менен жакындашуу. Кыргызстан стратегиялык өнөктөш, тышкы саясат багытында кыска мезгилдин ичинде бардыгын биз тарых алдында туура жооп бергидей жасадык. Бүгүнкү жолугушуу – эки Президенттин эрки. Бүгүн – тарыхый күн. Тарыхый күнү биз чек аралар боюнча макулдашууга кол койгону жатабыз. Баардыгы мурдагы эле калыбында калышы дагы мүмкүн эле, бирок биз чек араны достуктун чек арасына айландыралы деп чечтик", -деди Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти сөзүн улантып, парламенттик байланыштарды, элдик дипломатияны чыңдоо зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында делегациянын курамында биринчи жолу Өзбекстандын чек арага канатташ шаарлардын жана Ташкендин жетекчилери – төрт аким келди.

"Биздин губернаторлор, акимдер бардык маселелерди өздөрү чечишин каалайм. Биз алар бардык маселелерди борбордон көрсөтмө күтпөстөн өздөрү чечиш үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Ошондой эле биздин делегацияны ишкерлердин жоон тобу коштоп келди. Биз менен кошо Өзбекстандын товар өндүрүүчүлөрүнүн төрагасы кошо келди. Анткени биз аларга чоң укуктарды бердик, жаңы токтомдор, жарлыктар чыкты. Азыр алар көп ишти өз алдынча жасай алат. Кыргызстандын ишкерлери да, Өзбекстандын ишкерлери дагы эч кандай тоскоолдуксуз жолугушун каалайм. Эгерде биз аларга тоскоолдук кылбасак алар бардыгы өздөрү жасайт. Мен буга ишенем. Бүгүн чоң бизнес -форум өттү. Биз биргелешип ишканаларыбыздын атаандашуу мүмкүнчүлүгүн арттырып, башка өлкөлөрдүн рынокторуна чыга алабыз. Аны үчүн бизде бардык шарттар бар", -деди ал.

Шавкат Мирзиёев бүгүнкү тарыхый күндүн эки мамлекет үчүн маанисин баса белгиледи.

"Тарыхый бул күн жыл санап Кыргызстан менен Өзбекстандын элдери татыктуу баалагыдай конкреттүү иштер менен толуктала бериши үчүн биз баардыгын жасашыбыз керек. Бизди эл гана баалай алат. Элдин баасында биз ата-бабаларыбыз тарабынан көрсөтүлгөн тарых боюнча жашай баштадык деген сөздөр айтылышын каалар элем. Биздин тарыхыбызда биргелешкен нерселер абдан көп. Биз элдерибиз алдыга коюп жаткан чектерге биргелешпей эч качан жете албайбыз. Биз биргелешип, тынчтыкта, ынтымакта, бири бирибизди урматтап, турмуш алдыга коюп жаткан милдеттерди ишке ашыра алабыз", -деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги алдында 5 жылдын аралыгында республикада абдан көп иштер аткарылгандыгын белгиледи.

"Эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын кадыр-баркы мурда болуп көрбөгүдөй өстү. Алмазбек Шаршенович камсыз кылган туруктуулук көп нерседен кабар берип турат. Мен кошуна, достук мамиледеги өлкөнүн жетекчиси катары Кыргызстандын ийгиликтерине кубанам, сыймыктанам, Өзбекстандын эли дагы абдан кубанып жатат. Ушул кубаныч узакка созулуп, түбөлүк болушу үчүн биргелешкен ишке биз бардык күч аракетти жумшайбыз", -деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек мамилелеринин бүтүндөй комплекси боюнча, эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги туурасында пикир алмашышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276889

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.