Путин АКШны Украинага курал жеткирүүдө сак болууга чакырды

Уруш жүрүп жаткан аймакка бул өңүттө көмөк көрсөтүү – тынчтыкты камсыздабай, тескерисинче абалды курчутат деп эсептейт
  06.09.17   16:23
 75

Орусия президенти Владимир Путин Кошмо Штаттардын Украинага курал-жарак жөнөтүү чечими өлкө чыгышындагы жаңжалды күчөтөрүн айтты.

Кытайда өткөн БРИКС саммитинде Путин журналисттерге маек берип жатып, Вашингтон кимге курал берерин же сатарын өзү чечерин билдирди. Бирок уруш жүрүп жаткан аймакка бул өңүттө көмөк көрсөтүү – тынчтыкты камсыздабай, тескерисинче абалды курчутат деп эсептейт.

Өткөн айда АКШнын коргоо министри Жим Мэттис Вашингтон Орусия колдогон жикчилдерден коргонуу үчүн Киевге курал-жарак берүү маселеси каралып жатканын маалымдаган.

Путин Украинанын Чыгышына курал-жарак жеткирүү абалды өзгөртпөй турганын, бирок курмандыктардын санынын өсүшүнө алып келерин белгиледи. Орусия лидеринин айтымында, өзүн өзү республика катары жарыялап алган Донецк менен Луганскта курал жетиштүү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276913

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.