Түндүк Корея өзөктүк сыноолорду "АКШга белек" деп атады

Түндүк Кореянын өкүлү өзөктүк сыноолорду "коргонуу чарасы" деп атап, АКШны Пхеньянга басым жасоо аракетинен баш тартууга чакырды
  06.09.17   16:59
 81

Түндүк Кореянын БУУдагы өкүлү Хан Тэ Сон өткөн жумадагы өзөктүк сыноолордон кийин АКШга дагы "жаңы белектер" жөнөтүлөрүн айтып коркутту. Ал 5-сентябрда БУУнун Женевадагы чукул жыйынында Түндүк Корея суутек бомбасын континенттер аралык баллистикалык ракеталарга орното турганын айтты.

Түндүк Кореянын өкүлү өзөктүк сыноолорду "коргонуу чарасы" деп атап, АКШны Пхеньянга басым жасоо аракетинен баш тартууга чакырды. Ал Түндүк Корея кандай гана жагдай болбосун, өзөктүк программадан баш тартпай турганын кошумчалады.

Дүйшөмбүдө АКШнын БУУдагы өкүлү Никки Хейли уюмдун Коопсуздук кеңешин Түндүк Кореяга карата санкцияларды күчөтүүгө үндөгөн. 11-сентябрда Вашингтон Улуттар Уюмунда Түндүк Корея боюнча жаңы резолюциянын долбоорун добушка коет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276918

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.