Өкмөт "Республика-Ата Журт" фракциясынын чечими боюнча позициясын билдирди

  11.09.17   08:32
 68

2017-жылдын 8-сентябрында "Республика – Ата-Журт" фракциясынын жыйынында "Centerra Gold" компаниясынын "Thompson Creek Metals" компаниясынан активдерин сатып алуу боюнча бүтүмүн жокко чыгаруу жөнүндө чара көрүү чечими кабыл алынган.

Бул маселе боюнча, өкмөт "Centerra Gold " компаниясынын акцияларынын 2015-жылдын биринчи эмиссиясынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен "Кыргызалтын" ААК позициялары бирдиктүү жана өзгөрүүсүз кала тургандыгын билдирди. Баалуу кагаздар рыногунда бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн "Centerra Gold" компаниясынын мыйзамынын коомдук укугун сактап, "Centerra Gold" жаңы активдерди кошумча акциялардын эмиссиялоолорунун эсебинен сатып алуулары максатсыз деген позициясын өкмөт ар дайым карманып келет.

2015-жылы, ошондой эле 2016-жылы "Centerra Gold Inc." компаниясынын директорлор Кеңешинин мүчөлөрү "Кыргызалтын" ААК үлүшүнүн төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн болгон кошумча акцияларды эмиссиялоого каршы добуш берген. Бирок, эки учурда тең, эмиссияларды өткөрүү жөнүндө жана жаңы активди сатып алуу бүтүмүн жактыруу чечимдери "Centerra Gold" компаниясынын директорлор Кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрүнүн добушу менен кабыл алынган.

Ушуга байланыштуу, "Кыргызалтын" ААК тарабынан "Baker & McKenzie" аттуу канадалык юридикалык консультантына "Thompson Creek Metals" сатып алуу боюнча бүтүмдүн анализин жүргүзүп, акционер катары мүмкүн болгон укуктарын бузгандыгы тууралуу ачык көрсөтүү тапшырмасы берилген.

Юридикалык консультанттын корутундусуна ылайык, бүтүм Канаданын мыйзамдарына ылайык, баалуу кагаздар рыногунун талаптарына жүргүзүлгөн жана ошондой эле 2009-жылдын Келишиминин алкагында кабыл алынган, белгилүү болгондой, 2009-жылы апрелде ошол мезгилдеги Өкмөт аркылуу ишке ашырылган, ошол мезгилде өкмөттүн курамына кирген "Республика – Ата-Журт" фракциясынын азыркы лидери Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри катары болгон.

2009-жылы түзүлгөн жаңы шарттар жөнүндө Келишимдердин жана акционерлер кайрадан караган Келишимдердин жоболорунун негизинде, "Centerra Gold" директорлор кеңеши жактыргандан кийин жаңы акцияларды акционерлердин жактыруусусуз чыгарууга болот.

Ошону менен бирге, "Centerra Gold" компаниясынын директорлор Кеңеши, жаңы активди сатып алуу чечимин кабыл алаарда, бул компаниянын акциясынын наркын көбөйтө ала турганын, алтын казып алуу боюнча өндүрүштүк ишин узартып, кеңейте алаарын, ошондой эле компаниянын акционерлерине төлөнгөн дивиденддерин көбөйтө алаарын (анын ичине "Кыргызалтын" ААК да кирет) эске алышкан. Бутүм "Centerra Gold" Портфелинин мөөнөтүн кеңейтет. Анткени "Маунт Миллигэн" жаңы кенин эксплуатациялоо мөөнөтү 2037-жылга чейин эсептелген. Буга байланыштуу "Кумтөр" кенин иштетүү аяктагандан кийин дагы "Кыргызалтын" ААК акция пакетинин наркын сактап калат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/276989

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.