Кадамжай шаарында 703,2 миң сомго каржылык мыйзам бузуу фактысы аныкталды

  12.09.17   11:54
 66

Кадамжай шаарынын бюджеттик жана муниципалдык мекемелеринде 703,2 миң сомго финансылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасы билдирди.

Маалыматка ылайык, Эсептөө палатасы Кадамжай шаарынын 2014-2015-жылдардагы бюджетинин жана 2016-жылдагы бюджетинин аткарылыш

боюнча аудиттердин жыйынтыктарын кайра текшерүүгө алган. Жыйынтыгында шаардык мэрияда жана муниципалдык мекемелерде 703,2 миң сомго финансылык мыйзам бузуу катталган. Анын негизинде материалдык мүлктөрдү негизсиз эсептен чыгаруу 56,7 миң сомду, иш сапарлар чыгымдарын ашыкча төлөө 19,1 миң сомду, курулуш-монтаждоо иштеринин баасын жана көлөмүн көбөйтүү 569,4 миң сомду түзгөн.

Чыгымдардын, 308,8 миң сому калыбына келтирилген. Бюджеттен кеткен чыгым 3,1 миллион сомду түзгөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277035

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.