8 айда жергиликтүү бюджеттерге 3 млрд сомдон ашык трансферттер бөлүнүп берилди

  12.09.17   14:16
 34

2017-жылдын 8 айында Кыргыз Республикасынын "2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык, республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 3 млрд 829 млн 504,4 миң сом суммасында трансферттер бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинде теңдөөчү грант жогоруда аталган мыйзамга ылайык иш жүзүндө 1 млрд 266 млн 652,2 миң сом суммасында каржыланган.

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бөлүнүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды каржылоого республикалык бюджеттен 45 млн 696,3 миң сом бөлүндү;

- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 "Бийик тоолуу жана алыска барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн акы төлөө учурунда 50% өлчөмүндө компенсация төлөп берүүгө – 118 млн 548,6 миң сом;

- 2016-жылдын 4-кварталында төмөндөп кеткен сатуудан алынуучу салыктын ордун толтурууга – 627 млн 741 миң сом;

- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы №530 токтомуна ылайык, "Ош жылуулук менен жабдуу" муниципалдык ишканасынын калкты жылуулук энергиясы менен камсыздоосуна байланышкан компенсациялык чыгымдарга – 108 млн сом;

- жергиликтүү бюджеттердин финансылык айырмачылыктарын жабууга жана азайып кеткен кирешелеринин ордун толтурууга – 1 млрд. 564 млн 185 миң сом;

- багуучунун каза болгондугуна байланыштуу бир жолу берилүүчү жөлөкпулга – 8 млн 99,9 миң сом;

- Нарын шаарынын жылуулук энергиясы боюнча кредитордук карызын жабууга – 15 млн сом;

- "Токмок жылуулук" ишканасынын "Газпром" ишканасынын алдындагы газ үчүн карызын тындырууга – 23 млн сом;

- тийиштүү кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк долбоорлорун даярдоого – 31 млн 71,1 миң сом;

- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №66-б буйругуна жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2017-жылдын 6-мартындагы чечимине ылайык, "Эң мыкты айыл өкмөтү" жалпы мамлекеттик конкурсунун жеңүүчүлөрүн каржылоого – 8 млн сом;

- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-июнундагы №222-б буйругуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2017-жылдын 14-июнундагы чечимине ылайык, операторлордун эмгегине акы төлөөгө – 1 млн 599,3 миң сом бөлүнүп берилди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277042

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.