Бишкектин 37 жаштагы тургуну телефон уурдап кармалды

  12.09.17   14:48
 29

Бишкектин 37 жаштагы тургуну телефон уурдап кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлерине жабырлануучу арыз менен кайрылган. Себеби, 6-сентябрь күнү болжол менен саат 13:30 чамасында Совет-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен маршруттан арыздануучунун чөнтөгүнөн "Самсунг Ж-5" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз жаран уурдап, изин жашырып качып кеткен.

Бишкек ШИИББнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине шектүү Чүй облусунун 37 жаштагы К.Н. аттуу жашоочусу кармалган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277044

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.