Ошто 47 бүтүрүүчү "Араб тили жана шарият" адистигине ээ болушту

  12.09.17   14:50
 26

Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Абдужапар" атындагы Ислам институтунун "Араб тили жана шарият" адистигин ийгиликтүү аяктаган 47 бүтүрүүчүгө атайын дипломдор тапшырылды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Токтосун ажы Жапаров, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн өкүлү Бөрүмухамбед Эсенов, "АВЕП" коомдук фондунун төрагасы Нурлан Токонов жана институттун ректору Ахматали ажы Пахыровдор катышты.

Саамалыктын жүрүшүндө жалпы коноктор окуу жайды ийгиликтүү аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдү куттукташып, коомго динди жеткирүүдө ак кызмат өтөөгө чакырып, алдыдагы иштеринде ийгиликтерди жаратышына тилектештигин билдиришти. Окуу жайдын ректору А.Пахыровдун айтымында бул жылы институттун 4 жылдык мөөнөттөгү "Араб тили жана шарият" адистигин балдар тайпасында 27, кыздар тайпасында 20 бүтүрүүчү ийгиликтүү аякташкан. Мындан сырткары "Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу" долбоорунун алкагында бир жарым айлык мөөнөткө созулган "Персоналдык компьютерди колдонуучу" окуу курсун ийгиликтүү бүтүргөн 31 бүтүрүүчүгө да атайын сертификаттар тапшырылды.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана "АВЕП" коомдук фонду биргеликте уюштурган "Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу" долбоорунун алкагында бардык катышуучулар үчүн персоналдык компьютерди колдонуучу окуу курсу 22-сентябрда, ал эми англис тилин окутуу курсу 18-сентябрда башталмакчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277045

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.