Ошто ырчынын жол кырсыгына себепкер болгон айдоочу табыла элек

  12.09.17   15:29
 71

Ошто ырчы Жанин Акунжанованын жол кырсыгына себепкер болгон айдоочу табыла элек. Бул тууралуу Жанин Акунжанова билдирди.

Анын айтымында, окуя катталгандан кийин ырчы ооруканага жатып чыккан. Унаасын оңдоого 40 миң сом керек. Бирок учурда жол кырсыгына күнөөлү болгон "Тойота Камри" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу табыла элек.

Эскерте кетсек, 18- августта саат 00:20 чамасында Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде "Тойота Камри" үлгүсүндөгү унаа менен "Хонда СРВ" үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. "Хонда" унаасын ырчы Жанин Акунжанова башкарып келе жаткан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277047

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.