Нурбаева: Башы жок таштанды челегинен табылган аял азыркыга чейин түшүмө кирет

  12.09.17   15:46
 38

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы "Тазалык" ишканасынын жумушчусу Айзада Нурбаеваны укук коргоо органдары менен активдүү иш алып баргандыгы үчүн Ардак грамота менен сыйлады. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыш ишинин бетин ачууда жардам көрсөткөн жарандарды сыйлады. Алардын арасында башы жок таштанды челегине ыргытылган аялдын жансыз денесин тапкан "Тазалык" ишканасынын жумушчусу Айзада Нурбаева дагы бар.

"Ал күнү мен адаттагыдай эле жумушка чыктым. Чогулган таштандыларды челекке таштап жатып канга боёлгон баштыкты көрдүм. Баштык кичине ачылып калгандыктан агарып бир нерсе көмүнүп жатты. Мен чочко же тоок экен деп ойлодум. Баштыкты ачканымда ал жактан кишинин буту чыкты. Коркконумдун дароо милицияга кабарладым. Милиция кызматкерлери келгенде гана өзүмө келип, токтоно албай ыйлап баштадым. Окуядан кийин эки кун уктаган жокмун. Аял азыркы күнгө чейин түшүмө кирет",- деди ал.

Эскерте кетсек, 27-август күнү Ош шаарындагы таштанды челегинен 40-50 жаш курагындагы аялдын башы жок жансыз денеси табылган. Ошондой эле аялдын бутун дагы кескенге аракет кылышкан. Сөөктү "Тазалык" ишканасынын жумушчулары таштанды чыгарып жатып табышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277048

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.