Комитет Беларусь менен жашыруун маалыматты коргоо жөнүндө макулдашуу жактырды

  12.09.17   15:49
 30

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети "2015-жылдын 27-октябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Беларусь Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" КР мыйзам долбоорун 2-окууда карады.

Мыйзам долбоору боюнча КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков баяндама жасады. Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы саясый, аскерий, экономикалык, илимий-техникалык жана башка жааттагы кызматташуулардын жүрүшүндө ишке ашырылган жашыруун маалыматтарды коргоону камсыздоо болуп саналат.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбейт жана социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик жана экологиялык терс кесепеттерге алып келбейт. Ошондой эле жарандарды жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына каршы келбейт, ишкерликти тескебейт. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетти кошумча чыгымга алып келбейт.

Соңунда мыйзам долбоору 2- окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277049

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.