Бразилия жана Марокко менен болгон визалык талаптар жокко чыгарылат

  12.09.17   15:53
 39

Бүгүн, 12-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында макулдашуулар багытындагы мыйзам долбоорлору каралды.

- "Бишкек шаарында 2017-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Бразилия Федерациялык Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" КР мыйзам долбоору;

- "2017-жылдын 30-мартында Рабат шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Марокко Королдугунун өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" КР мыйзам долбоору.

Аталган мыйзам долбоорлору боюнча КР тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев баяндама жасады. Маалыматка ылайык, дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери Бразилияда 90 күн, Мароккодо 30 күн каттоосуз жүрө алышат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277050

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.