Өзгөн, Майлуу-Суу, Токтогул жана Балыкчы шаарлары таза суу менен камсыздалат

  12.09.17   15:55
 49

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору каралды.

Маалыматка ылайык, аталган ратификациялык мыйзам долбоорлору Өзгөн, Майлуу-Суу, Токтогул жана Балыкчы шаарларынын таза суу менен камсыз кылууга жана канализация системасын реабилитациялоого багытталган. Ратификациядагы насыялык макулдашуулар 15 жана 25 жылдык төлөө мөөнөтү белгиленип, 3 жана 8 жылдык жеңилдетилген мөөнөт көрсөтүлгөн. Насыяларнын ставкасы Euribor+.

Макулдашуулардын негизинде Өзгөн шаарын таза суусу менен камсыздап, канализациясын оңдоп-түзөөгө 8,5 млн евро жана 2,75 млн АКШ доллары, Майлуу-Суу шаарына 6,65 млн евро жана 1,6 млн АКШ доллары, Токтогул шаарына 5,3 млн евро жана 1,21 АКШ доллары жана Балыкчыга 5,3 млн евро жана 1,21 АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик жана гранттык каражаттар берилмекчи.

Комитеттин жыйынына чакырылган аталган шаарлардын мэрлери жергиликтүү тургундарга маалымат берилгендигин, шаардык кеңештердин тиешелүү чечимдери бар экендигин белгилешти.

"Эгер шаар тургундарына суткасына 24 саат таза суу бериле турган болсо анда алар ага жараша сууга болгон бааны төлөөгө даяр",- дешет шаар башчылары.

Жыйынтыгында аталган ратификациялык мыйзам долбоорлору жактырылды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277051

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.