Комитет Улуттук банктын төрагалыгына Кулматовдун талапкерлигин жактырды

  12.09.17   16:20
 39

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин жактырды. Мындай чечим бүгүн, 12-сентябрда комитеттин отурумунда кабыл алынды.

Депутаттар Кыргызстанда банк секторун өнүктүрүү боюнча Кулматовдун пикирин угушуп, тарыхчы болуп туруп Улуттук банкты жетектөөгө билим деңгээли жете тургандыгын сурап кызыгышты. Андан тышкары аталган тармактагы кадрдык өзгөрүүлөр жана сомдун долларга болгон баасын туруктуу кармап калуу маселелери дагы айтылды.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Кубанычбек Кулматов талапкерлигин жактырышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277053

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.