Муфтият: Ажылык сапар ийгиликтүү аяктады

  12.09.17   16:29
 32

Мекке шаарына болгон ажылык сапар ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу "ВБ"га Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8- сентябрдан тартып ажылар кайтып келе таштаган. Сауд Аравия - Кыргызстан авиакаттамы күн сайын уюштурулууда. Ажылардын акыркы тобу 18-сентябрда кайтып келишет.

Муфтияттын билдиришинче, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл ажылык тынч өттү. Зыяратчыларды 13 кишиден турган дарыгерлер тобу коштоп барган.Сауд Аравиянын Ажылык министрлиги мейманканага Кыргызстан ажылары үчүн эки медицина пунктун ачкан.

"Күндүн ысыгына жана башка ушул сыяктуу климаттык өзгөрүүгө карабастан быйыл ажылык жакшы өттү. Ажылар мекенине сак-саламатта кайтып келип жатышат",- деп маалымдашат Муфтияттан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277054

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.