Премьер өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү

  12.09.17   16:53
 37

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 12-сентябрда, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Жолугушууда премьер-министр Сапар Исаков экономика тармагындагы даярдык графигин сактоо жана калктын 2017-2018-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык көрүүсүнө көңүл бурууну милдеттендирди.

"Ар бир аймакта түзүлгөн облустук штабдар калктын жана бюджеттик уюмдардын өз убагында көмүр менен камсыз болушуна өзгөчө көңүл бурушу керек. Аны менен бирге көмүр базалары мурдагы нөөмөт боюнча, көмүрдүн баасын көтөрбөстөн иш алып барышы керек. Көмүрдүн баасынын көтөрүлүшү боюнча чагымчылыкка жол берилиши мүмкүн эмес", – деди Сапар Исаков.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277055

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.