Орзубек Назаровдун кызынын абалы жакшырууда

  13.09.17   13:56
 75

Бокс боюнча дүйнө чемпиону Орзубек Назаровдун кызы Аделинанын ден-соолугу жакшырууда. Бул Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, бир нече күн мурун кыз кайра жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулган.

"Жоон саны сынган, ага операция жасадык. Жакшы жылыштар бар, бирок кандайдыр бир прогноз чыгаруу кыйын. Толук калыбына келиши үчүн убакыт керек", - деди Кубатов.

Эскерте кетсек, Орзубек Назаровдун кызы мотоцикл менен келе жатып жол кырсыгына кабылган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277057

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.