Атамбаев менен Владимир Путиндин жолугушуусу пландаштырылууда

  13.09.17   08:00
 33

14-сентябрында, Сочи шаарында президент Алмазбек Атамбаев менен Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу пландаштырылып жатат.

Бул жолугушууну өткөрүү тууралуу эки лидер үстүбүздөгү жылдын 14-августунда телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө макулдашышкан.

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташуунун жана тараптардын ЕАЭБ алкагында өз ара аракеттенишүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо болжолдонууда.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин жолугушуулары үстүбүздөгү жылдын октябрь жана ноябрь айларында ЕАЭБ жана ЖККУ жыйындарынын талааларында дагы улантыла берет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277058

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.