Өкмөт "Кумтөр" боюнча экологиялык доо арыздарын соттон чакыртып алат

  13.09.17   08:18
 38

Кыргызстан "Кумтөрдү" иштетүүдөн келтирилген экологиялык зыян боюнча "Центерра Голд" компаниясынын үстүнөн сотко берген доо-арыздарын чакыртып алат. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов билдирди.

Анын айтымында, 11-сентябрда канадалык компания менен кол коюлган макулдашууга ылайык "Центерра Голд" дагы Кыргызстандын үстүнөн жазган доо арыздарын кайтарып алмай болду.

"Биз экологияга келтирилген зыян боюнча алардын үстүнөн Кыргызстандын сотторуна кайрылганбыз. Алар буга макул болбой, "кыргыз тарап 2009-жылдагы келишимди бузуп атат" деп эл аралык арбитраждарга кайрылган. Эми макулдашууга ылайык, биз соттордон доо арыздарыбызды чакыртып алабыз, "Центерра Голд" дагы Кыргызстандын үстүнөн жазган доо арыздарын кайтарып алат. Бул эки тарапка тең ыңгайлуу чечим",- деди ал.

11-сентябрда кыргыз өкмөтү менен "Центерра Голд" компаниясынын ортосунда айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол коюлган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277059

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.