Уурулук менен алектенген жарандар кармалды

  13.09.17   09:21
 29

Уурулук менен алектенген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

6-сентябрда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Маевка айылынын 34 жаштагы М.Э. аттуу жашоочусу кайрылып, арызында ушул жылдын август айында жабырлануучунун үйүнөн киришип, дрель, темирди ширетүүчү аппарат, жана болгаркасын уурдап, изин жашырып качып кетишкен белгисиз жарандарга карата чара көрүп берүүлөрүн билдирген. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышкан. Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттери көрүлүп, натыйжасында кылмыш ишине шектүү 20 жаштагы Б.У. жана 18 жаштагы А.Ж., А.К. аттуу жергиликтүү тургундар кармалган. Шектүүлөргө карата сот тарабынан үй камагына алуу чечими чыккан.

Тергөө учурунда кармалган жарандар Маевка айылында катталган башка дагы 5 кылмыш ишине тиешеси бары аныкталган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277061

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.