Өзбекстан менен болгон макулдашууларды ишке ашыруу боюнча жыйын өттү

  13.09.17   09:56
 32

Премьер-министр Сапар Исаков 12-сентябрда, Кыргыз Республикасында өткөн Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери боюнча жыйын өткөрдү.

Өкмөт башчы Сапар Исаков белгилегендей, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанда өткөн мамлекеттик сапары маанилүү окуя болуп калды жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери боюнча максималдуу чараларды көрүшү керек.

Премьер-министр эки мамлекеттин өкмөттөрү тарабынан жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери боюнча атайын иш чаралардын планы бекитилгенин айтып, Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жетекчилерине Ведомстволор аралык жумушчу планда көрсөтүлгөн бардык пункттарды сапаттуу аткарууну тапшырды.

Мындан тышкары өкмөт башчы кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо жана тактоо боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Экономика министри Артем Новиков өкмөт башчысына маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстан Республикасына боло турган жоопту мамлекеттик сапарынын алкагында бизнес форум өткөрүү жана Кыргызстандын ата мекендик товарларынын көргөзмөсүн өткөрүүгө карата кызуу даярдыктар жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277064

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.