Исаков 2017-жылдагы республикалык бюджетти толук аткарууну тапшырды

  13.09.17   10:15
 24

Премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылдын январь-август айларында республикалык бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Финансы министри Адылбек Касымалиев маалымдагандай, 2017-жылдын январь-август айларында республикалык бюджеттин жалпы киреше көлөмү 73 251,5 млн сомду түзүп 100,1% жетти.

"2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттин киреше бөлүгү 10 526,1 млн сомго көп болду. Салыктын түшүүсү 56 688,8 млн сомду түзүп, 56 731,2 млн сом болуп жалпы план 99,9% аткарылды. Былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу кирешенин өсүшү акчалай алганда 6 198,1 млн сом болду. Кирешеде салыктан түшкөн каражаттын пайызы 77,4% жетти. Тактап айтканда салык кызматынан түшкөн каражат 35 744,7 млн сомго жетип, 99,5% аткарылды. Бажы кызматы боюнча киреше 20 944,1 млн сом болуп 100,7% ашты. Республикалык бюджетке түшкөн социалдык керектөөлөргө чегерилген камсыздандыруу суммасы 1 678,1 млн сом болуп 123,6% түздү", – деди финансы министри Адылбек Касымалиев.

Жыйындын соңунда премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик органдар тарабынан чыгымдарды оптимизациялоо менен бирге 2017-жылдагы республикалык бюджетти толук аткарууну тапшырды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277065

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.