Ишкерлерди текшерүү тартиби административдик жол-жоболорго шайкеш келтирилүүдө

  13.09.17   10:28
 34

Жогорку Кеӊеште ишкерлерди текшерүү жүрүмүн ыраатташтырууга багытталган "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

"Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамдын жоболорун "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" мыйзамдын административдик актыларды милдеттүү түрдө сотко чейинки тартипте даттанууну киргизүү бөлүгүнө шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбооруна ылайык, текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим, текшерүүчү кызмат адамынын аракети жана ыйгарым укуктуу органдын чечими "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" мыйзамда каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277066

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.