ЭЭА жөнүндө мыйзамдын жоболору башка мыйзамдарга шайкеш келтирилүүдө

  13.09.17   10:40
 23

Жогорку Кеӊеште "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык аймактар жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Өкмөттүн маалыматына караганда, мыйзамдын "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык аймактар жөнүндө" административдик актыларды даттануунун милдеттүү сотко чейинки тартибин киргизүү бөлүгүн "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" мыйзамдын жоболоруна шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Андан сырткары, мурдагы Бажы бирлиги Евразия экономикалык бирлиги болуп кайра түзүлгөнүнө байланыштуу, сунушталган мыйзам долбоору аркылуу "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамдын жоболору ЕАЭБбин бажы мыйзамдарынын талаптарына да ылайык келтирилүүдө. Ошондой эле, ЭЭАда өндүрүлгөн айрым товарлардын аталышы өзгөрөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277067

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.