Балыкчынын тургуну 1 кг ашык баңгизат менен кармалды

  13.09.17   10:58
 23

Балыкчынын тургуну 1 кг ашык баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

12-сентябрь күнү "Транзит" операциясынын жүрүшүндө Балыкчы ШИИБнын ыкчам кызматкерлери тарабынан Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунун 5-чакырымында, Балыкчы-Бишкек маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган "Хонда-Одиссей" автоунаасы токтотулган.

Текшерүү учурунда автоунаанын багажынан баштыкка салынган жапайы кендирдин жыты жыттанган зат алынган. Экспертизанын жыйынтыгы менен жалпы салмагы 1 килограмм 700 граммды түзгөн марихуана баңгизаты аныкталган.

Кармалган адам Балыкчы шаарынын 38 жаштагы И. Олег аттуу тургуну болуп чыккан. Алынган маалымат боюнча Ысык-Көл облусунан даярдап, Бишкек шаарына алып барып, өздүк колдонуу үчүн даярдаган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 4-бөлүгү (Башкага берүү максатын көздөбөстөн өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран Балыкчы ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277069

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.