Автоунаа уурдай качкан жарандар кармалды

  13.09.17   11:51
 24

Бишкекте автоунаа уурдай качкан жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылып, арызында 25-август күнү "Тайота Королла" үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жарандар айдай качкандыгын айтып, аларга карата чара көрүп берүүлөрүн суранган.

Биринчи май РИИБнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар 35 жаштагы С.Ю. жана 23 жаштагы Т.Ю. аттуу жарандар кармалган.

Аталган факты боюнча Биринчи май РИИБнын тергөө бөлүмү Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин (Автоунааны же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) негизинде кылмыш ишин козгогон. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери уланууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277072

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.