Атамбаев тышкы саясаттагы урунттуу багыттарды ишке ашыруу боюнча маалымат алды

  13.09.17   13:31
 27

Бүгүн, 13-сентябрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоеваны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына өлкөнүн тышкы саясаттагы урунттуу багыттарын ишке ашыруу боюнча маалымат берилди. Атап айтканда президент Алмазбек Атамбаевдин Россиянын президенти Владимир Путин менен Сочи шаарындагы боло турган жолугушуусуна, президент Алмазбек Атамбаевдин БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 72-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына жумушчу сапарына, аталган иш чарага катышуунун алкагында Кыргызстан демилгелеген иш чараларга катышуусуна даярдык көрүү туурасында маалымат берилди.

Мындан тышкары президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга жооп иретинде мамлекеттик сапарына даярдык көрүүнүн алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштердин жүрүшү талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев алдыдагы иш чараларга дыкаттык менен даярдык көрүү жана улуттук кызыкчылыктарга артыкчылык берүү менен негизги өнөктөштөр менен ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган өлкөнүн тышкы саясаттагы багытын мындан ары ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277074

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.