Депутат Карамушкина орус тилине мамлекеттик макам берүүнү сунуштады

  13.09.17   13:33
 46

Жогорку Кеңештин КСДП партиясынан депутат Ирина Карамушкина Кыргызстанда орус тилине да мамлекеттик деген макам берүүнү сунуштоодо.

Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында тил маселеси талкууланып жатканда айтты.

"Жада калса бештен мамлекеттик тилдүү өлкөлөр бар. Алар эч кандай доомат артпай жок эле тегиз, тынч өнүгүүдө. Кыргыз жана орус тилдерин мамлекеттик кылып мыйзамдаштырып койсок эмнеси жаман?",- деди ал.

Бүгүн депутаттар "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамды аткаруу тууралуу парламенттин 2016-жылдын 26-майындагы токтомун талкуулап жатышат.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова "кыргызтест" системасы боюнча токтом кабыл алынганын, Терминологиялык комиссия материалдык-техникалык жактан камсыз болгонун, мекемелер ортосундагы мамлекеттик тилде кат алмашуу камсыздалып, мамлекеттик кызматкерлерге кыргыз тили үйрөтүлүп жатканын айтты.

Кыргызстандын Конституциясы боюнча кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий деген макамга ээ.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277075

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.