Саркулов: Жол кырсыгына кабылган унаалардын көбү оң рулду унаалар

  13.09.17   14:28
 32

Бүгүн, 13-сентябрда өткөн маалымат жыйынында Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманылы Саркулов ведомство эмне себептен оң рулду унаалар менен эл ташууга тыюу салууну 2020-жылдан эмес 2018-жылдан күчүнө киргизүүгө аракеттенип жаткандыгын түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, республика боюнча катталган унаалардын 16 пайызы оң рулду. Алардын 90 пайызы жеңил унаалар, ал эми 5-7 пайызы минивэндер. 30 пайыз адам оң рулду унаанын катышуусундагы жол кырсыгынан каза болгон жана 35,2 пайыз адам жарат алган.

"Жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгында оң рулду унаалардын жол кырсыгына кабылуусу 2 эсеге көп болууда. Андыктан автоунаалар жана административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатат",- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277076

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.