Уруштары өлүм менен аяктаган үй- бүлө Тажикстан жарандары экендиги аныкталды

  13.09.17   14:40
 124

Уруштары өлүм менен аяктаган үй- бүлө Тажикстан жарандары экендиги аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, элчилик жергиликтүү укук коргоо органдары жана каза болгон 23 жаштагы аялдын туугандары менен байланышкан учурда алар Кыргызстан жараны эмес экендиги аныкталган. Болгону түгөйлөр акыркы жолу Москвага Кыргызстан аркылуу учкан.

Эскерте кетсек, Москвада үй-бүлө кызганычтан улам урушуп, жолдошу аялын бир нече жолу сайып өлтүргөн. Бул тууралуу жазып чыккан Россиянын маалымдоо каражаттары алар Кыргызстандын жарандары экендигин айтышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277078

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.