Текебаевдин кызы атасы менен жолуктурууну суранууда

  13.09.17   15:15
 41

Өмүрбек Текебаевдин кызы Айданек атасы менен жолуктурууну суранып Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцовага кайрылды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык түйүндөрдөгү баракчасында кабарлаган.

Айданек Текебаеванын айтымында, ал бир нече күндөн кийин окуусун улантуу үчүн Кытайга учуп кетет. Андыктан атасы менен коштошуу үчүн жолугушууга уруксат сураган.

Буга чейин журналисттерге соттордун ишине нааразы болгон Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун жубайлары дагы кайрылган. Алар күйөөлөрү менен жолугууга сот тарабынан уруксат берилбей жаткандыгын билдиришкен.

"Ирина Воронцова, сиздин дагы балдарыңыз күйөөңүз бар. Мен дем алыш күндөрү кетип жатам. Ага чейин атам менен коштошуп алайын дегем. Эгер бул катты окусаңыз сизден суранам, атам менен көрүшүүгө уруксат бетиңиз",- деп жазып калтырган ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277079

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.