Абдыш Коомбаев ИИМдин башкы штабынын башчысы болуп дайындалды

  13.09.17   15:18
 34

Абдыш Коомбаев ИИМдин башкы штабынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Милициянын полковниги Коомбаев Абдыш Абазович 1969-жылы 23-февралда туулган. 1997-жылы КМУУну бүтүргөн. 2008-жылы Россия Федерациясынын ИИМнин Академия башкармалыгын аяктаган. Юридика илимдеринин доктору.

1987-1989-жылдары Советтик армияда кызмат өтөп, 1992-жылдан тартып ички иштер органдарында иштеп баштаган. Анын ичинен Сокулук жана Чүй РИИБнын тергөө бөлүмдөрүнүн башчысы, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы катары жетекчилик орундарда иштеген. Кыргыз Республикасынын ички иштер органында иштеп жаткан учурунда мамлекеттик жана түзүмдүк төш белгилер менен сыйланган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277080

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.