Жолдун бардык түрүн куруу үчүн жер тилкесин бөлүүгө мораторий жайылтылбайт

  13.09.17   15:22
 29

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Алмазбек Акматовдун айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттик маанидеги муктаждыктарга жараша авто жол, темир жол, эстакадалык көпүрө жана туннель куруу үчүн жер тилкелерин мораторийден чыгаруу максатында сунушталган.

Маалыматка ылайык, Ош-Баткен жолун, Бишкек-Ош жолундагы Өзгөн шаарында, Түндүк-түштүк жолу жана башка жерлерде жогорудагыдай муктаждыктар бар.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277081

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.