Ак-Ордодо жоголгон кызды жансыз денеси дааратканадан табылды

  13.09.17   15:51
 236

Кечээ, Ак-Ордо конушунда жоголгон бир жарым жашар кыздын жансыз денеси көчөдөгү дааратканадан табылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыздын жакындары 12-сентябрда саат 15.00 чамасында милицияга кайрылган. Ага чейин өздөрү тапканга аракет кылышкан. Милиция менен биргеликте жаңы конуштун бардык жеринде издөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок табылган эмес. Андан соң бардык дааратканалар текшерилген.

"Аңдын тереңдиги 3,5 метрди түзөт. Кыз көрүнөөр-көрүнбөс болуп көмүлүп калыптыр. Жансыз дене ошол эле күнү саат 20:00 чамасында табылды",- деп билдирет ИИМ кызматкерлери.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277083

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.