Ошто азан айткан мечит кызматкерлерин окутуу иштери башталды

  13.09.17   15:54
 44

Ош шаарындагы Сулайман-Тоо борбордук мечитинде Ош облустук казыяты тарабынан уюштурулган мечит азанчылары үчүн окутуу семинары болуп өттү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Семинардын биринчи бөлүгүндө Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков Намаз убактыларынын бекитилген эрежелери боюнча түшүнүк берип, намаз убактыларынын аныкталышы, алардын чек-аралары боюнча шарияттын жана астрономиялык илимдин аныктаган негизинде түшүндүрүп берди. Ал эми экинчи бөлүктө облус казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев азандын тарыхы, өкүмдөрү, шарттары жана пазилеттери боюнча сабак өттү. Мындан сырткары сопуларга практикалык тапшырмалар берилип, азанды мукамдуу айтуудагы кырааттары текшерилди.

"Бул иш-чараны уюштуруудагы негизги максат мечит мечит кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатып, мечиттерде бекитилген убакыттардагы тартипти бекем сактап, азанды өз эрежелерине ылайык көркөмдүү айткан адистерди даярдоо болуп саналат. Семинарды облустун бардык райондорунда өткөрүүнү пландаштырып жатабыз" –деди Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев.

Эскерте кетсек, азанчылар үчүн уюштурулган окуу семинарына катышкан мечит кызматкерлери мындан ары тиешелүү сынактарды тапшырышып, ийгиликтүү өткөндөргө атайын сертификаттар берилмекчи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277084

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.