2016-жылы Кыргызстанда мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 18,1 миң кг баңгизат алынган

  13.09.17   17:06
 28

2016-жылы Кыргызстанда мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 18 миң 162 кг баңгизат, ошондой эле 186 кг героин алынган. Бул тууралуу бүгүн, маалымат жыйынында БУУнун Борбор Азия мамлекеттери боюнча баңгизат жүгүртүүнү жана кылмыштуулукту көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлү Ашита Миттал билдирди.

Ошондой эле ал Кыргызстан баңгизаттын мекени болгон Ооганстанга жакын жайгашканын эске салып кетти.

"Дүйнөдө 281 миң гектар жер баңгизатын өстүрүүгө кетет. Анын 65 пайызы Ооганстанда",- деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277089

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.